Ош жана Наманган эл аралык шаарлар-агайындар форумунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту



Ош шаардык мэриясынын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн эл аралык шаарлар-агайындар форумуна катышты. Бул иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Япония, АКШ, Франция жана Россиядан келген ар түрдүү муниципалитеттердин, эл аралык уюмдардын жана бизнес структураларынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө Ош жана Наманган шаарлары арасында кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул документ соода-экономикалык байланыштар, илим жана технологиялар, билим берүү, маданият жана спорт сыяктуу тармактарда өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Ош мэриясынын аппаратынын жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев эл аралык өнөктөштөр менен бир нече жолугушуулар өткөрүп, инвестициялар, туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана шаарды башкарууда санариптик технологияларды киргизүү маселелерин талкуулады.
Мэрияда эл аралык байланыштарды бекемдөө Ош шаарынын инвестициялык тартымдылыгын жогорулатууга жана шаарды туруктуу өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет деп белгилешти.