Кыргызгидрометтин билдиришинче, 27-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, суу ташкыны болушу ыктымал.28-июлда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,...