Бишкекте керектүү уруксат документтери жок курулуш объектилерин пайдалануу учурлары аныкталды. Мамлекеттик архитектуралык-курчуулук контролдоо департаменти регулярдуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулар тууралуу маалымдады.
Ведомствонун адистери Боконбаев көчөсү, 164 дарегинде жайгашкан бир нече объекттин тиешелүү уруксатсыз иштеп жатканын тапты. Бул боюнча К.Ч.А. аттуу жаранга карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул дайындалды. Ошондой эле бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Департамент курулуш тармагындагы бардык катышуучуларга мыйзамдардын талаптарына, курулуш нормаларына, техникалык регламенттерге жана коопсуздук эрежелерине так ылайык иш алып барууну катуу сунуштайт.