


Ысык-Көлдө 22-июлдан 24-июлга чейин «Заманбап сот медицинасынын көйгөйлөрү жана келечеги» темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул конференция Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан уюштурулган. Бул иш-чара Кыргыз-турк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча 12-отурумдун Протоколунун иш-чаралар планынын бир бөлүгү болуп калды.
Конференцияга Кыргызстандын соттук-медициналык эксперттери, ошондой эле Түркия, Россия жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн адистер катышты. Катышуучулар соттук-медициналык экспертизанын учурдагы абалы, тармактагы негизги көйгөйлөр, заманбап технологияларды киргизүү жана эксперттик иштин сапатын жогорулатуу жолдору талкууланды.