Чолпон-Атада ШОС саммити жана көчмөндөр оюндары алдында коопсуздук чаралары талкууланды



Чолпон-Атада 27-июлда эл аралык иш-чараларды өткөрүү контекстинде коопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык штабдын жыйыны өттү. Жыйынды Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков жетектеди. Жыйын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, алар Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана эл аралык аренадагы башка маанилүү окуяларга даярдык чаралары тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана иш-чаралар учурунда мүмкүн болгон инциденттерди болтурбоо үчүн чараларды талкуулашты. Жыйындын катышуучулары коопсуздукту камсыздоодо комплексдүү мамиленин маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.