«Ала-Тоо» стадионунун айланасында инфраструктураны жакшыртат









Нарын шаарында «Ала-Тоо» стадионунун реконструкциясы уланууда. Шаардык мэриянын маалымат кызматы Нарын мэри Жылдызбек Беккелдиев стадионго жакын жайгашкан соода объекттеринин ээлери менен жолугушуу өткөргөнүн билдирет.
Жолугушууда спорттук зонага жакын жайгашкан соода павильондорунун бир бөлүгүн сатып алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле калган имараттардын фасаддарын бирдиктүү архитектуралык стильге келтирүү жана алардын көрктөндүрүү пландары каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен мэр жооптуу жетекчилерге пландалган иштерди уюштуруп, алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.