
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды үй-бүлөдөгү зомбулук учурларын көз жаздымда калтырбоого жана жардам сураууга чакырат. Жарандардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында «5200» ишеним телефону иштейт, ал 24 саат бою колдоо көрсөтөт.
Кызматтын адистери кайрылууларды кабыл алууга жана психологиялык, социалдык жана юридикалык кеңештер берүүгө даяр. Керектүү учурда алар жабыркагандарды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана адистештирилген уюмдарга тез арада жөнөтүшөт.
Министрлик колдоо сурап кайрылуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт, анткени үй-бүлөдөгү зомбулук жалгыз адамдарга гана эмес, бүтүндөй коомго коркунуч туудурат, коопсуздукка жана бакубаттыкка терс таасир этет. Жардам сурап кайрылуу оор кесепеттердин алдын алууга жана зомбулукка кабылган адамдарды коргоого мүмкүнчүлүк берет.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата «5200» ишеним телефонуна 3 480 чалуу келип түштү. Алардын ичинен:
- 335 физикалык зомбулук фактысы боюнча;
- 1 513 психологиялык зомбулук фактысы боюнча;
- 142 куугунтук фактысы боюнча;
- 251 экономикалык зомбулук фактысы боюнча.
Ошондой эле 1 309 жаран юридикалык жардам алуу үчүн жөнөтмө алды, ал эми 1 302 адам психологиялык колдоону пайдаланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «5200» ишеним телефону кыйын кырдаалда калган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөнүн эскертет. Бул телефонго кайрылуу квалификациялуу кеңеш алуу жана укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Сүрөт www