Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Кыргызстандын мамлекеттик тилин жүргүнчүлөрдү аба кемелеринде тейлөөдө колдонуу нормаларын күчөтүүдө. Бул чечим мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу жана бардык жүргүнчүлөр үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт.

Жаңы талаптарга ылайык, Кыргызстандын аймагында жана андан тышкары туруктуу рейстерди жүргүзгөн бардык авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде маалыматтандырууга милдеттүү. Бул жергиликтүү жана чет элдик авиакомпанияларга тиешелүү.