
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөгө иштеп жаткан чет элдик жумушчуларга катуу талаптарды киргизген жаңы мыйзамды бекитти. ТАСС агенттиги тарабынан жарыяланган документ "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө" мыйзамды өзгөртүп, мигранттардын кирешелерин көзөмөлдөөнү күчөтөт.
Жаңы эрежелерге ылайык, чет элдик жумушчу мигранттар өздөрүн жана көз каранды адамдарын регионалдык коэффициенттерди эске алуу менен жашоо минимумунан төмөн эмес киреше менен камсыз кылууга милдеттүү. Эгер киреше белгиленген деңгээлден төмөн болсо, мигранттардын патенттери же жумуш уруксатулары узартылбайт. Ошондой эле, алар 15 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетүүгө милдеттүү, балдары менен бирге.