Соңку бир айда 1500 айдоочу мас абалында машина айдаганы аныкталып, аларга 126 млн сомдон ашуун айып пул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 27-июлда кабарлады.Президент Садыр Жапаров мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга быйыл 9-июнда кол коюп, ал 20-июндан тартып күчүнө кирген.Жаңы мыйзамга ылайык ичимдик ичип алып рулга отурган айдоочу транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратылып, ага 80 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Жол кырсыгына...