Талас облусунда мыйзамсыз түрдө материалдык далилдерди жок кылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул чечим аймактык прокуратура тарабынан Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин кабыл алынды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары укук бузуулар боюнча иштердин алкагында алынган материалдык далилдерди жок кылгандыгы аныкталды. Жок кылынган материалдар 301 даана форель, 17 кеклик, 1 улар жана 26,31 килограмм эндик өсүмдүгүнүн тамырларын камтыйт.