2026/27-окуу жылынан баштап Кыргызстандагы мектептерде 8-класстарда предпрофильдик компонент киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынан билдиришти, анын ишке ашырылышы кандай пландалганы тууралуу түшүндүрүштү.
Академия 14 түрдүү предпрофильдик программаны иштеп чыкты, алардын ар бири физика-математика, социалдык-гуманитардык жана спорттук багыттар боюнча баалоо системасын камтыйт.