Франция менен Испанияда ири токой өртү менен күрөш уланып жатат. Өрттүн бири Бордо шаарынын түштүк тарабында, болжол менен 15 чакырым алыстыкта болуп жатат. Эки өлкө боюнча жалпысынан 300 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Алардын көбү спорт залдарында же көргөзмө борборлорунда түнөп жатышат.