Кыргызстандын Салык кызматынын жетекчилиги Орусияда Wildberries'тин бир нече кампасына дрон чабуулдарынан кийин ишкерлер, маркетплейстер аркылуу соода кылгандар менен жолугушуп, соңку жагдайды талкуулады. Аталган кызматтын төрага орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетекчилиги алдында өткөн жумушчу кеңешмеде эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорунун ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу электрондук соода рыногунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери, мамлекеттик колдоо чаралары...