
Эл аралык медиа тармагы TV BRICS ШОС өлкөлөрүнүн ММКларын БРИКСтин кесиптештери менен активдүү эл аралык диалогго чакырууда. Бул тууралуу TV BRICSтин башкы директору Жанна Толстикова «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Ал медиа тармагы ар кандай өлкөлөрдүн медиа уюмдары менен кызматташууга активдүү катышып, өз ара аракеттенүүнүн маанисине басым жасап жатканын белгиледи.
Толстикова профессионал журналисттер менен ШОС жана БРИКС өлкөлөрүнүн ММКларынын редакциялары арасындагы диалог маданияттар жана бул мамлекеттердин элдери арасындагы экономикалык байланыштарды терең түшүнүүгө жардам берерин айтты. Ал гуманитардык байланыштарсыз бизнес кызматташтыгы жана саясий диалогдун өнүгүшү мүмкүн эместигин эсептейт. Маалымат алмашууга негизделген өз ара аракеттенүү аудиториянын массалык маалымат каражаттарына болгон ишениминин негизин түзөт.