Жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшү маалымат агенттиктери үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда, бирок ошондой эле жалган маалыматтын жайылышы менен байланышкан жаңы коркунучтарды да пайда кылууда. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттигинин генеральдык директорунун орун басары Марат Абулхатин Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форумунда билдирди.

Абулхатиндин пикири боюнча, жасалма интеллект чоң маалымат массивдерин жана архивдерди натыйжалуу иштетүүгө жардам берет, ошондой эле маалымат агенттиктеринин алдында турган милдеттерди тезирээк чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок ал ошондой эле бул прогресстин натыйжасында пайда болгон олуттуу чакырыктарды белгиледи.