
Ар бир чет өлкөлүк катышуучу форумга Кыргызстандын аймагында болгон убактысында камсыздандыруу алат. Бул тууралуу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын башкармалыгынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев ШОС өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форумунда билдирди. Ал, өлкөнүн камсыздандыруу сектору эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин жана чет өлкөлүк коноктор, ишкерлер жана инвесторлор үчүн зарыл шарттарды түзүп жатканын белгиледи.
Абдыжалиев, Кыргызстанга кызыккан жана өлкөгө инвестиция салууга даяр болгон ишкерлер жана инвесторлор камсыздандыруу системасынын жогорку деңгээлине ишенсе болорун, ал заманбап стандарттарга жооп берерин жана алардын муктаждыктарын канааттандырууга даяр экенин айтты.