2026/2027-окуу жылында Кыргызстандагы 500 жалпы билим берүү мектебинде 3- жана 5-класстын окуучулары үчүн шахмат боюнча кружоктор иштей баштайт. Бул демилге базалык окуу планына түшүндүрмө жазууда чагылдырылган.

Шахмат кружоктору уюштурула турган окуу жайларынын тизмесин бекитүү милдети Билим берүү министрлигине жүктөлгөн.