Бишкек мэриясы Тыныстанова көчөсүндөгү кирүү топторун жоюуну баштады

Бишкекте Тыныстанова көчөсүндөгү турак үйдүн кирүү топтору жана кошумча курулуштары жоюла баштады. Муниципалдык кызматтар бул объектилер мыйзамсыз экенин жана кызыл сызыктардан ашып кеткенин, жергиликтүү тургундардын арыздарына таянып билдиришти.


Алгач кирүү тобу жана 24.kg маалымат агенттигине алып бараткан баскыч жоюлду. Операцияга муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жана муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тартылган, алар атайын техникаларды колдонушууда.


Мэрия жоюу иштери муниципалдык жерлерди өз алдынча орнотулган конструкциялардан бошотуу боюнча пландалган иштердин алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бул Бишкектин көчөлөрүнүн архитектуралык көрүнүшүн шаар куруу нормаларына ылайык келтирүүгө да багытталган.


Сүрөт www