```html
27-июлда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Индиянын элчиси Бирендер Сингх Ядав Улуттук онкология жана гематология борборун зыярат кылышты, анда «Бабатрон» дистанциялык радиотерапия аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын өткөрүп берүү иши болду. Бул өткөрүп берүү онкологиялык оорулары бар бейтаптар үчүн радиотерапиянын жеткиликтүүлүгүн жана жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн маанилүү.
Саламаттык сактоо министрлиги бул демилге Кыргызстандын жана Индиянын медицина тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөнүн кийинки кадамы экенин белгиледи. Өз ара аракеттенүүнүн тереңдеши онкология, медициналык адистерди даярдоо жана медициналык инфраструктураны модернизациялоо сыяктуу ар кандай аспекттерди камтыйт.
Иш-чарада Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев бардык радиотерапия аппараттары иштеп жатканын билдирди. Учурда эки сызыктуу тездеткич, «Бабатрон» аппараты, эки флекситрон жана башка атайын жабдуулар иштеп жатат. Күн сайын эки сызыктуу тездеткичте 160 бейтапка чейин дарыланат, «Бабатрон» аппаратына күнүнө 120 бейтап үчүн процедуралар пландалууда, ал эми «Терад» аппаратында 25 бейтапка чейин дарыланат. Стационардык бөлүмдүн 40 бейпаты да флекситрондордо дарыланууда.