
Иллюстрациялык сүрөт
Каспий трубопроводдук консорциуму (КТК) жүк жөнөтүүчүлөрдөн нефти кабыл алууну жана Новороссийск портундагы деңиз терминалы аркылуу жүктөөнү кайра баштады. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Учурда эки пирстин үстүндө SeaMajesty жана Milos танкерлери жүктөлүп жатат, алар ТОО «Тенгизшевройл» компаниясынан нефти кабыл алууда. Нефти кабыл алуу операцияларын кайра баштоо компанияларга сырьёну трубопроводго жеткирүүнү улантууга жана деңиз терминалы аркылуу экспорттук операцияларды калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Казакстандын Энергетика министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп, казак нефтинин кийинки ташуулары үчүн аракеттерди координациялап жатат. Бардык операциялар учурдагы кырдаал жана коопсуздук чаралары эске алынып жүргүзүлүп жатканын белгилөө маанилүү.
Эскерте кетсек, 19-июлда Казакстандан нефти менен эки Asia танкери жүктөө иштеринин учурунда дрондордун максаттуу чабуулуна кабылды, бул өрт чыгууга алып келди. Өрт КТКнын авариялык кызматтарынын жардамы менен өчүрүлдү. Эртең менен Кара деңиздеги танкерге жаңы чабуул болду.
Чабуулдарга жооп катары, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги экономикалык кызыкчылыктарга жана жарандык кемелердин экипаждарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган мындай аракеттердин болуусун кабыл алгыс деп билдирди. Орус тарап, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү аркылуу, Казакстандын позициясын колдоп, Украина тараптын аракеттерин айыптады.