Жаңы окуу жылында сегизинчи класстардын окуучулары үчүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн бир бөлүгү катары алдын ала профилдик компонент киргизилет. Бул маалымат билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген негизги окуу планында көрсөтүлгөн.
План боюнча, 8-класстарда окуу жүктөмү жумасына эки сааттык алдын ала профилдик компонент ишке ашырылат. Окуучулар жогорку мектепте окуу багытын тандоого жардам берүүчү кыска мөөнөттүү кириш курстарынан өтө алышат. Алдын ала профилдик билим берүү натыйжасында мектеп окуучулары профессионалдык багыт берүү тесттеринен да өтүшөт.