Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын платформасында, төраганын орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетекчилиги менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тигүү ишканаларынын жана эл аралык маркетплейстер аркылуу продукция саткан селлерлердин өкүлдөрү катышкан жумушчу жыйын өттү.
Катышуучулар электрондук соода рыногундагы ири логистикалык борборлордун ишинде болгон бузулуулардан улам келип чыккан терс кесепеттерди талкуулашты. Алардын пикиринче, бул жагдайлар маркетплейстер аркылуу экспорт менен алектенген жергиликтүү ишкерлердин ишин кыйла кыйындатууда, бул мамлекеттик колдоо чараларын тез арада талап кылат.