Ош облусунда экстремисттик материалдарды социалдык тармактар аркылуу таратууга шектелген аял кармалды. Бул маалыматты жергиликтүү ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1988-жылы туулган Б. М. аттуу аял шектүү катары аныкталды. Тергөө иштери аякталды, жана иш боюнча материалдар сотко өткөрүлдү.