Чолпон-Аты айланма жолунда биринчи төрт километр асфальт төшөлдү
Чолпон-Аты айланма жолунда биринчи төрт километр асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бул жол республикалык бюджеттен каржыланган чоң долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.

Жалпы узундугу 15,64 километр болгон жаңы айланма автожолдун курулушу уланууда. Бул долбоордун алкагында көпүрө өтмөктөрдү куруу, суу өткөргүч түтүктөрдү төшөө, ошондой эле инженердик тармактарды которуу жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.