Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев журналисттер менен Өзбекстандын Кыргызстандагы маданий күндөрүнүн ачылышына даярдык алдында эки тараптуу маданий кызматташтыктын маанисин талкуулады. Иш-чаранын алкагында өлкөгө Өзбекстандан 170тен ашык маданият тармагынын өкүлдөрү келишти.

«Маданий күндөр биздин элдердин ортосундагы маданий көпүрө болуп кызмат кылат. Ачылышы «Рух-Ордо» маданий борборунда өтөт, ал эми жабылышы эртең «Дордой Номад» этнокультурдук борборунда болот. Мындай иш-чаралар чыгармачыл адамдардын ортосундагы байланыштарды бекемдейт жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, бул элдик дипломатия деп аталат», — деди министр.