Экономика жана коммерция министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топ ушул жылдын июнь айынын соңунан бери санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 40ка жакын компанияны аныктаганын билдирди.Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков 27-июлда эл аралык санкциялык талаптарды сактоого байланыштуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде айтты.Ведомстволор аралык жумушчу топтун буга чейинки жыйынынан бери өткөн үч жуманын ичинде...