Акыйкатчы институту Кыргызстанда бир катар диний окуу жайлардын окуучуларынын билим алууга болгон укуктары бузулуп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Омбудсмен институту 2025-жылы жети облуста ислам дини боюнча билим берген 21 медресени текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган.Көпчүлүк медреселердин каттоо документтери жок экени, окуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келбестиги, медициналык тейлөө, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугунун...