Кыргызстандагы көпчүлүк медреселерде окуучулар диний билим менен гана чектелип, мамлекеттик стандарттагы жалпы билимди онлайн-форматта алып жатышат. Мындай көрүнүш өлкөнүн жети облусундагы 21 медреседе жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аныкталганын Акыйкатчы институту билдирди.