10 тонна газон чөптөрү Кыргызстанга киргизилген жок

«Ак-Жол» фитосанитардык контролдоо пунктунда 10 тонна газон чөптү Кыргызстанга өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Продукциянын кайтарылышы документтердеги туура эместик аныкталгандан кийин болду, деп билдирет КРнын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматы.

Карантиндик фитосанитардык контролдоо процессинде фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн унаанын каттоо күбөлүгүнүн номери, чек арага келген транспорттук каражатта болгон номер менен дал келбегендиги аныкталды.
Бул мыйзам бузууларга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин карантиндик фитосанитардык нормаларына ылайык зарыл чаралар көрүлдү.
Химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини департаменти мамлекеттин чек арасындагы фитосанитардык талаптардын сакталуусун жана коопсуздукту камсыз кылууну улантууда.