Кечээ, 27-июлда, Кыргызстанда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба коргоо күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 20 жыл толуусуна арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Мерекеге коргоо министри Руслан Мукамбетов, аскер кызматкерлери жана ардагерлер, ошондой эле чакырылган коноктор катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга аталган ведомствонун түзүлүшү жана өнүгүшү тууралуу баяндай турган документалдык фильм көрсөтүлдү.

Юбилей менен куттуктоолор Руслан Мукамбетовдон жана Аба коргоо күчтөрүнүн командири Талантбек Талиповдон угулду. Иш-чаранын алкагында өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерине жана ардагерлерге Коргоо министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.