Фитосанитардык көзөмөл пункту «Ак-Жол» боюнча Кыргызстанга алып келинген 10 тонна газон чөпкө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү, деп билдирет Ауыл чарба министрлиги.
Текшерүү процессинде фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номеринин фактически келген унаанын номерине дал келбегендиги аныкталды.
Аныкталган бузуу боюнча Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.