
Чолпон-Атада, Бостери микрорайонунда, жаңы балдар бакчасынын курулушу уланууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, мектепке чейинки мекеме 16 сотых жерге курулууда жана 50 балага ылайыкташтырылат. Проект тарбиялануучулардын билим алуусу жана ар тараптуу өнүгүшү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
Курулуш жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Бул проектти ишке ашыруу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги орундардын санын көбөйтүүгө, балдар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Чолпон-Атада жашаган үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.