Кыргызстандын муфтияты жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча акция өткөрүүдө
Муфтият Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандагы ар кандай аймактарда профилактикалык акция өткөрүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу.

Жакында Нарын жана Ысык-Көл облустарында акциялар өткөрүлдү.