Нацбанк эсептик ставканы 12% деңгээлинде сактап калды. Жана баалардан эмне күтүү керектигин айтып берди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгы негизги эсептик ставканы 12% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул чечим 2026-жылдын 28-июлунан тарта күчүнө кирет. Жакынкы Чыгыштагы конфликттин фонуна байланыштуу экономикалык шарттар өлкөдөгү инфляция деңгээлине таасирин тийгизүүнү улантууда.

Банк адистери дүйнөлүк азык-түлүк базарындагы баалардын термелүүлөрү жана Ормуз булуңу аркылуу мунай продуктуларынын жеткирүүдөгы бузулуу коркунучтары импорттолгон товарлардын баасынын өсүшүнө чоң таасир этүүчү факторлор экенин белгилешет.