Кыргызстандын бийлиги санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп жатканын билдирди. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, июнь айынын соңунан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп эсептелген 40ка жакын компания аныкталып, алар боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул арада Европа Биримдиги Кыргызстандын дагы бир банкы менен үч компаниясын санкциялык тизмеге киргизди.