30-июлдан 1-августка чейин эл аралык “Тамчы” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жолдун айрым бөлүктөрүндө транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү менен байланыштуу, деп билдирет Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы.
Мындан тышкары, 30-июлдан 2-августка чейин 2026-жылы Бает айылында Ысык-Көл районунда Formula 1 H2O Grand Prix of Kyrgyzstan – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдеши өткөрүлөт. Бул күндөрү Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда, Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээги менен өтүп жаткан жолдо да убактылуу чектөөлөр жана кыска мөөнөттүү жабуулар болот.