
Шайирбек Сулайманов Улуттук энелер жана балдар борборунун директорлук кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз берди. Бул факт Саламаттык сактоо министрлигинде тастыкталды.
Мурда Сулайманов эмгек отпускунда болгон. Бул убакта директордун милдетин анын орун басары Айнагуль Эшалиева аткарган. Учурда борбордун жаңы жетекчиси дагы дайындалган жок.