81 жашында белгилүү немис анатом Гунтер фон Хагенс дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу немис массалык маалымат каражаттары анын үй-бүлөсүнө шилтеме берип маалымдашты. Фон Хагенс 24-июлда көз жумган, бирок анын өлүмү тууралуу маалымат 27-июлда гана жарыяланды. Өлүмдүн себеби такталбай жатат, бирок 2010-жылы илимпоз өзүнүн оорусу — Паркинсон оорусу тууралуу билдирген.
Гунтер фон Хагенс адамдын денесин жана органдарын узак мөөнөт сактоого мүмкүндүк берген пластинация ыкмасын иштеп чыгып, патенттегенден кийин белгилүү болду. 1995-жылдан бери ал "Körperwelten" ("Денелер дүйнөсү") деген аталыштагы консервацияланган денелердин көргөзмөлөрүн өткөрүп, Гейдельбергде пластинация институтун негиздеди, ошондой эле Губенде денелерди даярдоо лабораториясын ачты.