Анализдин жыйынтыгында Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 40 чамалуу компания аныкталды. КР экономика жана соода министрлиги 27-июлда министр Бакыт Сыдыковдун жетекчилиги астында эл аралык санкциялык режимдерди сактоо маселелери боюнча жыйын өткөнүн билдирди.
Жыйында июнь айынан бери мониторинг жүргүзүлгөнү жана анын натыйжасында кошумча текшерүүнү талап кылган компаниялар табылганы маалым болду. Азыркы учурда алардын анализи боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, ОсОО «Шисан», ОсОО «Рама Групп» жана ОсОО «Нова Проект» сыяктуу бир нече компаниянын ишин токтотуу жөнүндө жарыяланды, ошондой эле бир криптовалюта компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду.
Эл аралык өнөктөштөр Кыргызстандын санкциялык режимдерди айланып өтүүнүн алдын алуу боюнча аракеттерин оң баалашты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга зарыл текшерүү иш-чараларын бир жума ичинде аяктоо тапшырмасы берилди.