Жыл сайын 28-июлда Кыргызстан вирустук гепатиттерге каршы күрөшүүнүн Дүйнөлүк күнүн белгилейт, анын максаты вирустук гепатиттер тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана алардын алдын алуу, эрте аныктоо жана натыйжалуу дарылоо мүмкүнчүлүгүн эскертип коюу. «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова бул күндүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ишенапысованын айтымында, вирустук гепатиттер менен күрөшүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги приоритеттеринин бири болуп саналат. Ал мамлекеттин милдети ар бир жаран өз статусун билүүгө жана ден соолугун сактоо үчүн убагында медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүү экенин белгиледи.