

Кыргызстандын Билим берүү министрлигинде мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камсыздоону кеңейтүүгө арналган онлайн жыйын өттү. Жыйынга министрликтин өкүлдөрү, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын кызматкерлери катышты.
Жыйында 2024–2026-жылдарга пландалган мектепке чейинки билим берүү мекемелерин трансформациялоонун үчүнчү этапын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Катышучулар бул тармактагы кызматтарды каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук киргизүүнүн жыйынтыктарын карап чыгышты, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камсыздоону жогорулатуу боюнча тапшырмаларды талкуулашты.