Ишенапысова вирустук гепатиттер боюнча акысыз текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди

2022-жылдан баштап Кыргызстанда вирустук гепатиттер боюнча акысыз текшерүү киргизилген, жана ушул убакыт ичинде вирустук гепатит В боюнча 1 454 324 адам, ал эми вирустук гепатит С боюнча 1 445 903 жаран текшерүүдөн өткөн. КРнын саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында бул маалыматтарды бөлүштү.

Ал вирустук гепатит В боюнча текшерилгендер арасында 48 060 оң натыйжа, ал эми вирустук гепатит С боюнча 26 117 оң натыйжа аныкталганын белгиледи. Мындан тышкары, вирустук гепатит Д боюнча 20 520 адам текшерүүдөн өткөн, алардын ичинен 1562 адамда оң натыйжа чыккан.