Гульбара Ишенапысова вирустук гепатиттер боюнча акысыз текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди

2022-жылы Кыргызстанда вирустук гепатиттер боюнча акысыз текшерүү программасы ишке киргизилгенден бери вирустук гепатит В боюнча 1 454 324 адам текшерүүдөн өтсө, вирустук гепатит С боюнча 1 445 903 адам текшерүүдөн өткөн. Бул маалыматты Кыргызстан Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Гульбара Ишенапысова «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Ишенапысованын маалыматына ылайык, вирустук гепатит В боюнча текшерилгендердин арасында 48 060 оң натыйжа табылган, ал эми вирустук гепатит С боюнча 26 117 оң натыйжа катталган. Мындан тышкары, 20 520 адам вирустук гепатит Д боюнча тестирлөөнү өткөргөн, алардын ичинен 1 562 адам оң натыйжа алган.