Кыргызстан 2030-жылга чейин вирус жепатиттерин коомдук саламаттыкка коркунуч катары жоюу пландары тууралуу жарыялады. Бул тууралуу КРнын саламаттык сактоо министринин орун басары Гулбара Ишенапысова гепатит менен күрөшүүнүн Дүйнөлүк күнүнө арналган пресс-конференцияда билдирди.

Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөлөргө бул ооруну жоюу максатын койгонун эске салып, Кыргызстан бул демилгени активдүү колдоп, тиешелүү чараларды кабыл алып жатканын айтты.