Кыргыз Футбол Союзунун (КФС) башкы катчысы Медербек Сыдыков адистер тобу менен Бишкектеги футбол объектилеринин курулушун жана реконструкциясын текшерди. Визиттин алкагында КФСтин өкүлдөрү «Илбирс» футбол клубунун стадионун, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын, «Азия» ФКнын окуу-даярдык базасын, «Бишкек Сити» ФКнын стадионун, «Азиягол» ФКнын базасын жана «Алга» спорт комплексин карашты.
«Алга» спорт комплексинин футбол талааларынын абалына өзгөчө көңүл бурулду, жаңы гибрид газон төшөө боюнча иштер талкууланды. Инспекция учурунда подрядчы, долбоорлордун өкүлдөрү жана футбол клубдарынын жетекчилери менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү. Анда курулуш иштеринин учурдагы абалы жана сапаты, долбоорлордун аяктоо мөөнөттөрү, ошондой эле спорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды.
Учурда Кыргызстанда Премьер-лигинин клубдары үчүн сегиз окуу-даярдык базасы курулууда: «Бишкек Сити», «Илбирс», «Азия», «Кыргызалтын», «Абдыш-Ата», «Азиягол», «Узген» жана «Токтогул». Келечекте «Барс» жана «ОшМУ» клубдары үчүн ушундай базаларды түзүү пландалууда. Заманауи окуу-даярдык базалар «Алга», «Мурас Юнайтед», «Алай» жана «Нефтчи» клубдарында иштеп жатат.