


Бишкекте Леваневский көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери Айни жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүктө аяктады. Бул тууралуу шаардык администрациядан маалымдашты.
Оңдолгон көчөнүн узундугу 750 метр, туурасы 6,5 метрди түзөт.
Проекттин алкагында жол инфраструктурасын комплексдүү модернизациялоо иштери жүргүзүлдү. Көчөнүн эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана суу агызуучу канаалар орнотулду, бул жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуздукту жана комфортту камсыз кылат, ошондой эле жамгыр жана кар суусун эффективдүү агызууга жардам берет.