Улуттук изилдөө Кыргызстандагы вирустук гепатиттердин таралышын аныктады

2024-жылы Кыргызстанда В, С жана D вирусдук гепатиттеринин биринчи улуттук серопреваленттик изилдөөсү өттү, ал өлкөнүн бардык региондорунан 8 миңден ашык жаранды камтыды. КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда билдирди.
Изилдөө вирусдук гепатиттердин таралышы жана калктын алар тууралуу маалымдуулук деңгээли боюнча объективдүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берди. Ишенапысова жыйынтыктар төмөнкү цифраларды көрсөттү: хроникалык гепатит Внын таралышы 3,3% түзсө, гепатит С 1% түздү.
Министрдин орун басарынын айтымында, изилдөө ошондой эле балдар арасында гепатит Вга каршы вакцинациянын жогорку натыйжалуулугун тастыктады, анда инфекциянын таралышы болгону 0,2% болду.
«Мамлекеттин көптөгөн тургундары вирусдук гепатиттер тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес экенин белгилөө маанилүү. Бул диагноздоо жана дарылоо ыкмаларын өнүктүрүүнүн гана эмес, калк арасында маалыматтык- түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгилейт», — деп кошумчалады ал.
Ишенапысова вирусдук гепатиттер Саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес, коомдук саламаттык маселеси катары каралышы керек экенин, бул үчүн секторлор аралык өз ара аракеттенүү жана коомдун активдүү катышуусу талап кылынарын баса белгиледи.