Кыргызстанда 41 миңден ашык адам вирустук гепатиттер боюнча диспансердик эсепте турат

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда вирустук гепатит боюнча диспансердик эсепте 41 227 адам турат. КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова бул маалыматты «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда жарыялады. Ал катталган учурлар арасында төмөнкү категорияларды белгилеп өттү:

  • вирустук гепатит В (ВГВ) боюнча - 24 144 адам, алардын ичинен 6 229 адам дарыланууда;

  • вирустук гепатит В+Д (ВГВ+Д) боюнча - 3 790, дарыланган 3 244;

  • вирустук гепатит С (ВГС) боюнча - 13 293, алардын ичинен 7 541 адам дарыланууну өттү, 6 573 адам айыкты.



Гульбара Ишенапысова профилактикалык чаралардын маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Вирустук гепатит В боюнча чоңдорго вакциналоо программасы башталган учурдан тартып биринчи вакцинанын дозасын 446 319 адам алды, экинчи дозасын - 358 159, үчүнчү дозасын - 250 553 адам алды.
Ал ошондой эле вакцинация бул оорунун алдын алуунун эң натыйжалуу стратегиясы болуп кала берерин, бул улуттук изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен тастыкталганын белгиледи.