Бишкек шаарында жөө өтмөктөн балдар арабасы менен өтүп бараткан аялды сүзүп кете жаздаган №36 каттамдын айдоочусу жумуштан бошотулду.Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлүп, айдоочу каттамдан четтетилген. Тартип комиссиясы ишти карап, айдоочуну жумуштан бошотуу чечимин кабыл алган.Социалдык тармактарда аял киши баласын сүйрөп жөө...